Руханий ачылыштарга бай: 27-сентябрга гороскоп

Сентябрь айынын акыркы жумасы өзгөчө окуяларга жана руханий ачылыштарга бай болот. Комфорт кааласаңыз, эч кимди жеке чек араңызга киргизбеңиз.
Кой. “Койлор” жеке жашоосунда көңүл калууну сезиши мүмкүн. Сүйүктүү адамыңыз ишенимиңиздин лимитин түгөткөнүн кабыл ала билиңиз. Кабыл алыңыз да алдыга жол улаңыз.
Букачар. Таштап койгон ишиңизди улантууга туура келет. Окуп жаткан китебиңизди аягына чыгарыңыз, чет тилдерди үйрөнүүнү колго алыңыз. Өзүңүздү өнүктүрүү келечек үчүн мыкты кыймылдаткыч күч болуп берет.
Эгиздер. “Эгиздер” жумушта чоң талаштын ортосунда калышы мүмкүн. Бул репутацияңызга абдан эле зыянын тийгизет. Ошондуктан чоң талашка жеткирбей, дароо карама каршылыктарды жоюп, кесиптештериңиздин маанайын жакшыртууга аракеттениңиз.
Бөйөн. “Бөйөндөргө” каалоо менен мүмкүнчүлүгүнүн ортосунда компромисс издөөгө туура келет. Келечекте чоң иштерди жүзөгө ашырайын десеңиз, майда нерселерден өзүңүздү тыйып койгонуңуз жакшы.
Арстан. Бүгүн “арстандардын” ички сезими толкундайт. Туура чечим кабыл алаарыңызга шектенип жатсаңыз, ички үнүңүздү тыңшаңыз.
Бийкеч. Астрологдор руханий баалуулук бере турган китеп окууну сунуштайт. Так ошол жерден көптөн бери издеп жүргөн сурооңузга жооп аласыз.
Тараза. Бүгүн эмоцияга жана шашылууга жол бербеңиз. Болбосо душмандарды же атаандаштарды көбөйтүп аласыз.
Чаян. “Чаяндарды” жалгыздык сезими бийлеши мүмкүн. Бирок асторологдор мындай сезим адам өзүн өзү көрсөтө албай жатканда жана кошумча көңүл бурууга зарыкканда келет деп эсептешет.
Жаачы. “Жаачылар” бүгүн эс алып, жаны күч топтой алышат. Эгерде акыл-эстүүлүк кылып, токтоо болсоңуз көп ката кетирүүдөн карманасыз.
Текечер. Бүгүн мээни силкинтүүгө жакшы күн. Көп идеяларды ойлоп табууга болот, бирок аларды ишке ашырууну кийинки жумага калтырганыңыз оң.
Суу пери. Тилекке каршы же бактыга жараша, бүгүн бардык эле каалоолоруңуз ишке аша бербейт. Куру кол менен кетпейин десеңиз, аппетитиңизди кармаңыз.
Балык. Бүгүн абдан көп окуяларга туш болосуз, ошондуктан даярданыңыз. Артка чегинбеңиз, болбосо ошол чегинген абалыңызда көпкө кармаласыз. Кадамды тездетип жакшы кабарларды угууга жөнөңүз.



