Коом

УКМК: Ош шаарында сымап сатууга аракет кылган топ кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

КР УКМК тарабынан 2024-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын жарандарынан (ӨР жараны Б.Б.А. жана  КР жарандары: М.С.Х., М.С.Х., С.У.К.) түзүлгөн трансулуттук кылмыштуу топ, Ош шаарындагы кафелердин биринде КРга аткезчилик жол менен алынып келинген 0,5 кг күчтүү жана уулуу сымапты 1 граммын  4000 АКШ долларына сатуу аракетинде кармалган. Кармалган жарандар КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 292-беренесинин 2-пунктунун 2-бөлүгүнүн («Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү»)  негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button