УКМК: Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жөнүндө

КР УКМКсы Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы менен биргеликте Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн алкагында, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагына афган чарсын ташуу жана таратуу фактысы боюнча, КР жараны, Субару Легаси В4 үлгүсүндөгү унааны айдап бараткан жеринен, 1985-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну М.М.К. кармалды.

Тактап айтканда, 2024-жылдын 26-февралында Ысык-Ата районунун Ивановка айылында аталган М.М.К. айдап бара жаткан унаасынан ичинен 152 грамм салмактагы кара куурайдын өзгөчө жыты бар 10 ширенке кутусу жана 200 миң сомдон ашык акча каражаты табылып алынган. Мындан тышкары, кармалган жарандын Бишкек шаарында жашаган үйүнө тинтүү иштеринин жүргүзүү учурунда 496 грамм салмактагы баңги заты табылган. Натыйжада алынган баңги затынын жалпы салмагы болжол менен 650 граммды түзүп, 1 миллион 300 миң сомго жакын каражатты түзгөн.

Белгилей кетсек, М.М.К. «Барыги» аталышында банги каражаттарды жашыруун жана тымызын сатып алуучуларга, Чүй облусуна жана Бишкек шаарына белгилүү өлчөмдөгү баңгизаттарды үзгүлтүксүз таратып жүргөн.

Топтолгон материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган М.М.К. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Чүй облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.



