Коом
Өзгөндө 9 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча шектелип 16 жаштагы өспүрүм кармалды
14-мартта Өзгөн РИИБге Өзгөн районунун тургуну арыз менен кайрылган. Анда анын кызы зордукталгандыгын билдирген. Аталган факты РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси менен катталды. Ал эми жабырлануучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Кылмышка шектүү катары Өзгөн шаарынын тургуну 2007-жылы туулган жаран кармалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.



