Дүйнө
Дональд Трамп: «Вашингтондогу учак кырсыгынан аман калгандар жок»

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондун үстүндө кыйраган учакта каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу чет элдик ЖМКтары жазууда.
Маалыматтарга ылайык, Дональд Трамп кырдаалга көз салып жатканын жана окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берерин белгиледи. Анткени учурда кырсыктын себеби белгисиз бойдон калууда.
«Мен кырдаалга көз салып жатам жана алар жеткиликтүү болгондон кийин кененирээк маалымат берем» деди Дональд Трамп.
«Тилекке каршы, аман калгандар жок», — деди президент Ак үйдө.