Коом

Садыр Жапаров үйү түрттүрүлүп балдары менен көчөдө калган аял менен жолукту

Президент Жапаров бүгүн, 5-мартта,  «Ак-Ордо» конушуна пландан тышкары барып, жакында эле соттун чечими менен үйү түрттүрүлүп балдары менен барар жери жок калган Марал Шараболотова менен жолукту.

Президенттин маалымат катчысы билдиргендей, аялдын үй-бүлөсү  жер тилкесин он жылдай мурун ишеним кат менен сатып алган. 2017-жылы, мораторий маалында ушул эле тилкеге башка тараптар кызыл китеп алышкан.

“Соттук органдар аялдын курулушун мыйзамсыз деп таап, аны бузуу чечимин кабыл алышкан. Президент Жапаров териштирүү жүргүзүү жана бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берди”, — деди Эрбол Султанбаев.

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button