Коом

Быйыл кайсы класстын окуучулары секирик жасай турганы айтылды

Билим берүү министрлиги быйыл 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөндөр 2-класска отурарын айтты.

Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Нурзида Касымова 480 сааттык «Наристе» программасы (нөлүнчү класс) менен азыр окуп жаткандар жана бала бакчаларда даярдоо тайпасындагы 6 жаштагы балдар 2025-2026-окуу жылында 2-класска кабыл алынарын билдирди.

«Ал эми даярдоодон өтпөгөн, бала бакчадагы жогорку тайпадагы азыр 5-6 жаштагы балдар (2019-жылы төрөлгөндөр) 2025-2026-окуу жылында 1-класска барышат», — деди ал министрлик өткөргөн түз эфирде.

Мектеп, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова күздө (2025-2026-окуу жылы) 2019-жылы төрөлгөндөр 1-класска, 2018-жылы төрөлгөн балдар 2-класска өтөрүн кошумчалады.

«Андан тышкары, 3-класстын балдары (2015-жылы төрөлгөндөр) секирик жасап 5-класска отурса, 6-класстын балдары (2012-жылы төрөлгөндөр) 8-класска өткөрүлөт», — деди ал.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button