Коом
БШК: 30-октябрда бардык шайлоо тилкелеринде тесттик добуш берүү өткөрөт

Бүгүн, 30-октябрда БШК өлкөнүн бардык шайлоо тилкелеринде кезектеги аралыктан тесттик добуш берүүнү өткөрөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымат боюнча, буга чейин тесттик добуш берүү 10-октябрда, 20-октябрда өлкө аймагында жана Орусиянын айрым шаарларында өткөрүлгөн.
«Аралыктан добуш берүүнүн колдонулушу келе жаткан парламенттик шайлоодогу негизги жаңылыктардын бири. Ал онлайн идентификацияга негизделет: шайлоочу туруктуу катталган жеринде добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, өз тилкесинен тышкары же чет өлкөдө добуш бере алат»,- деп билдирди БШК.
Эске салсак, тесттик добуш берүү «Дордой Плаза» жана «Азия Молл» сыяктуу соода борборлорунда да уюштурулат.



