Коом

3 баш арашан кочкор уурдалган. Ысык-Көлдө төрт шектүү кармалды

Кашардан эки баш арашан тукумундагы кочкорун жана бир баш козусун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин айтып, 2024-жылдын 29-декабрында Ысык-Көл РИИБге Өрнөк айылынын тургуну арыз менен кайрылган.
Арыздануучунун айтымында келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 300 000 сом болгон. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, уурулукка шектелген төрт адам кармалган. Алар, Чүй облусунун Кемин районунан 1990-жылы туулган Т.Р., мурда сот жообуна тартылган 1987-жылы туулган У.Э., Бишкек шаарынан 1987-жылы туулган С.У. жана 1992-жылы туулган П.А. болуп чыккан.

Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Тергөө уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button