Саясат
Садык Шер-Нияз Францияга элчи болуп дайындалды

Экс-депутат, экс-министр, «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер Нияз Кыргызстандын Франциядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Элчиликтен тышкары Шер-Нияз ЮНЕСКОдогу Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматын да аркаламай болду.
Белгилей кетсек, Садык Шер-Нияз 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн курамында Маданият, маалымат жана туризм министрлигин жетектеген. 2015-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп, кийин мандатын тапшырып берген. 2021-жылы январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, бирок кайрадан алып салган.



