Дүйнө

Сергей Миронов мигранттардын акча которууларынан мамлекеттик алым алууну сунуштады

«Акыйкат Россия — Чындык үчүн» партиясынын башчысы Сергей Миронов өлкөдөгү мигранттардан акча которуулары үчүн мамлекеттик алым киргизүү керектигин билдирди.

Мироновдун маалыматы боюнча, өткөн жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары мекенине 14 миллиард доллардан ашык акча которушкан. «Мигранттардын басымдуу бөлүгү Орусияда эч кандай салык төлөшпөйт. Ал эми гастарбайтерлер өлкөдөн эбегейсиз көп акча чыгарып кетип жатышат», — деп нааразы болду ал.

Депутаттын пикиринде, эгер чет элдик жарандар үчүн 3 пайыздык алым киргизилсе, анда Кыргызстан менен өзбекстандыктар гана казынаны 45 миллиард рублдан ашык суммага толтурмак.

«Бизге мындай акчанын кереги жокпу? Мыйзам демилгесин даярдап, Мамлекеттик Думага киргизебиз», — деди ал.

Миронов которуулар үчүн кошумча комиссия маселеси 2021-жылы эле талкууланганын, бирок каржы министрлиги «бул ишти жаап салганын» белгиледи. Ал аткаминерлер орустар үчүн тарифтерди, акциздерди жана жыйымдарды көтөрүп жатканына нааразылыгын билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button