Спорт
Азия оюндарында кыргызстандык тоо лыжачы Арина Шабанова жаракат алды

Шабанова 9-февралда жарыш учурунда оң тизесинен жаракат алып, Харбин медициналык университетинин ооруканасына жеткирилген.
10-февралда дарыгерлер Шабановага операция жасап, ал 45 мүнөткө созулган. Операциядан кийин дарыгерлер ага тезирээк калыбына келүү үчүн реабилитациялык план түзүп берген. Арина Шабанова дарыгерлерге ыраазчылык билдирген.
Эскерте кетсек, Кытайдын Харбин шаарында Кышкы Азия оюндары өтүүдө. Жарыштар 7-февралда башталган, 14-февралда аяктайт.
Кыргызстандан бул мелдешке спорттун 11 түрүнөн 50дөн ашык спортчу барган. Арина Шабанова слалом боюнча жарыштарга катышкан.