Бишкектин мэри Беларусиянын премьерине таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун ишин көрсөттү

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Беларусиянын премьер-министри Александр Турчин менен бирге Бишкек шаардык санитардык полигонуна барды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, таштандыларды сорттоочу линия 2025-жылдын декабрь айында ишке берилген. Объектте таштандылар сорттолуп, кайра иштетүүгө жарактуу чийки заттар андан ары кайра иштетүү үчүн жөнөтүлөт. Сорттолгон материалдар Фере көчөсүндөгү заводго жеткирилип, ал жерде шаарды көрктөндүрүү үчүн керектелүүчү отургучтар, люктар, суу агызуучу лотоктор жана башка буюмдар өндүрүлөт. Объекттер үчүн технологиялык жабдууларды беларусиялык sifania.by компаниясы камсыздаган.
Александр Турчин ишкананын ишине оң баа берип, анын ишмердүүлүгү туура жана натыйжалуу уюштурулганын белгиледи.
«Бардык комплекс туура уюштурулган. Сиздер таштандыларды кайра иштетүү маселесин рационалдуу чечүүгө мүмкүндүк берген жакшы жабык цикл түзүпсүздөр», — деди ал.
Конокко ошондой эле таштандыларды кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү экотехнологиялык завод көрсөтүлдү.
Долбоор этап-этабы менен ишке ашырылууда. Заводдун биринчи этабы пайдаланууга берилген. Экинчи этапта суткасына 2 миң тоннага чейин таштанды иштете ала турган экинчи блок курулат. Долбоордук кубаттуулукка чыккандан кийин ишкана күнүнө 3 миң тоннага чейин катуу тиричилик таштандыларын кайра иштетип, саатына 90 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрө алат.
Бул ишкананын ишке кириши шаардагы экологиялык абалды жакшыртууга жана Бишкекти кошумча экологиялык таза электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.



