Коом

Бишкектин Ала-Тоо аянтына 190 миң гүл отургузулду

Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтына 190 миң гүл отургузулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ошондой эле 10 миң гүлдүн көчөтү гүлдөр уурдалып, сынып же куурап калган учур үчүн резервде сакталып турат.

«Учурда гүлзарларда ачык күрөң тагетес, көк агератум, георгиндер, цинерария, бордо колеус, ак алиссум, кызыл сальвия жана башка гүлдөрдүн түрлөрү бар», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек мэриясы жарандарды гүлдөргө этият мамиле кылууга, уурдоо фактыларына күбө болгон учурлар болсо милицияга кайрылууга чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button