УКМК: И.Раззаков атындагы техникалык университетинде коррупциялык схема аныкталды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК билим берүү тармагындагы коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) билим берүү ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схеманы аныктады.

Өткөрүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө ЖОЖдун айрым окутуучулары финансылык пайда табуу максатында окуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн чет өлкөлүк студенттерге акчалай сыйлык үчүн экзамендик журналдарына жана башка тийиштүү кагаздарга тиешелүү бааларды коюп беришкен.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Учурда аталган ЖОЖдун окутуучулары С.У.Ж. жана А.А.Е.ге карата эч жака чыкпоо боюнча тил кат алынып, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, — деп билдирет маалыматта.