Коом
Жалал-Абадда салынып жаткан административдик имараттын курулушу августта аяктайт

Учурда курулуш иштери 40%га аяктады. Азыр имараттын чатырын жабуу иштерине даярдыктар көрүлүп, ички жана сырткы курулуш-монтаждоо жумуштары аткарылууда.
Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө тургузулуп жаткан административдик имаратта облустагы өкүлчүлүк менен мэрия жайгашат.
Эскерте кетсек, аталган имараттын курулушуна 2024-жылы 29-августта капсула салынган. Аны салууга өлкө бюджетинен 1,6 млрд сом бөлүнөрү кабарланган.



