Окуялар

УКМК: Жубайларды өлтүрүүгө шектелип, интерпол тарабынан изделген чет элдик жаран Бишкектен кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарынынын аймагында  КР УКМК кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн 1991-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны А.Р.А. кармалды.

Кармалган адам өзгөчө оор кылмыш жасоодо (эки кишини өлтүрүү) айыпталууда.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, издөөдө жүргөн А.Р.А. 2018-жылдын 29-октябрында Казакстан Республикасынын Караганда облусунун Балхаш шаарында 1984-жылы туулган  Х.А.С. жана 1973-жылы туулган Х.К.М. аттуу жубайларды  өлтүргөн. Мындан улам, А.Р.А. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

2025-жылдын 24-февралында  Казакстандын А.Р.А. аттуу жараны кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button