Окуялар
Бишкекте кафеден кызды көтөрүп чыгып, талаага алып барып зордуктоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте зордуктоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 28-февралда Свердлов РИИБге кыз киши кайрылып, 5 адамга чара көрүүнү суранган. Ал 28-февралга караган түнү аны кафеден көтөрүп чыгышып, унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып барып, зордукташканын айткан.
Кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган 3 жаран, 2001-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынган.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, кыз качып кеткен жеринен кармап келишип, кайра зордукташканы айтылды. 23 жаштагы жабырлануучу милицияга кайрылган.



