Коом

“Рамазан чатыры — 2025″: Кореялык белгилүү блогер Дауд Кимдин катышуусунда кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушту

2–3-мартта белгилүү кореялык блогер Дауд Кимдин катышуусунда «Шатёр Рамазана 2025» ири жана уникалдуу кайрымдуулук долбоорунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Бул ооз ачардын негизги коноктору реабилитациялык борбор «Нур+»дун тарбиялануучулары, Сокулук районунун реабилитациялык борборунун (Маловодное) балдары, «Гулзар» балдар үйүнүн тарбиялануучулары, Кыргызстанда билим алып жаткан палестиналык студенттер, «Аманат» билим берүү мекемесинин тарбиялануучулары, «Светлый путь» балдар үйү, «Открой сердце» фонду, Баткенден келген муктаж болгон качкындарды камтыган “Айгул Гүлү”бирикмеси жана «Давха» балдар үйүнүн тарбиялануучулары болду.


Алар үчүн майрамдык программа уюштурулду. Даамдуу дасторкон даярдалып, аниматорлор чакырылып, таттууларга толгон кутучалар таратылды. Ошондой эле @mubarak_chaihana түрдүү жумшак оюнчуктар белек кылынды.

Мындан тышкары, иш-чараны Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, коомдук ишмерлер, ырчылар, манасчы, устаттар, күрөшчүлөр, блогерлер жана актерлор колдошуп, балдар менен сүрөткө түшүп, кечтин кубанычын бөлүшүштү.


Эскерте кетсек, долбоордун максаты — өлкөбүздүн муктаж болгон жарандарын колдоо, аларды ифтар менен камсыз кылуу жана майрамдык маанай түзүү. Эки күн ичинде биз 700гө жакын конокторду кабыл алып, ооз ачтырдык!

Бул иш-чарага колдоо көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз. Аллах сиздерди эки дүйнөдө да сыйласын! – деп билдирди уюштуруучулары.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button