Коом

Баткенде жаңы шаар курулат

Президент Садыр Жапаров Баткен облусунун борборун өнүктүрүү максатында жакынкы жылдары жаңы шаар куруу планы бар экенин айтты.

Президент ошондой эле кыргыз-тажик чек арасы такталганына токтолуп, көчүүгө туура келген баткендиктерди мамлекет көңүл сыртында калтырбай турганын убадалады. Жапаров бийлик мыкты шарттары менен жаңы, заманбап үйлөрдү салып берүүнү өз мойнуна аларын айтты. 

“Мындан ары кыргыз-тажик чек арасы – тынчтыктын, бейпилдиктин чек арасы, ынак коңшулук кызматташуунун чек арасы болот. Баткенде бейпил турмуш өкүм сүрүп, жалпы журтубуздун санаасы тынчыйт”, — деди президент. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button