Коом

УКМК: Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы жер тилкеси мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан КР мыйзамдарын бузуу менен мамлекеттин балансынан чыгарылган мамлекеттик объекттерди кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын натыйжасында Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы жалпы аянты 15,9 га болгон, 4 жер тилкеси мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.

2020-жылы жер тилкеси КР мыйзамдарын бузуу менен муниципалдык менчиктин балансынан жеке менчикке чыгарылган

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча учурдагы менчик ээлери өз ыктыяры менен жер участокторун Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп беришти.

КР УКМК мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген мамлекеттик объекттерди мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button