Коом

Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт

25-мартта Бишкектин айрым аймактарында суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу саат 9:00дөн 00:00гө чейин берүү токтотулат.Өчүрүү району: Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Ж. Гвардия көчөсү, ЧЧК, Саадаев көчөсү.Ошондой эле: «Красный Строитель» конушу, «Ак — Тилек» конушу, «Көлмө» конушу, «Алтын Бешик» конушу, «Салам Алик» конушу.

«Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу убактылуу токтотулат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button