Коом

Дин комиссиясы аскер бөлүктөрүнө ооз ачыруу уюштурду

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы  Баткен шаарында жайгашкан №2022 жана №2053 чек ара аскер бөлүктөрүндө  ооз ачуу уюштурушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР ДИМКнын директору Азамат Юсупов үй-бүлө жана Мекенди сүйүү, аны көздүн карегиндей сактоо, ар бир жаран мындан ары да мамлекеттин тынчтыгын, коопсуздугун бекемдөөгө милдеттүү экендигине токтолуп, Орозо айында баарына ынтымак, тынчктыкты каалап өттү.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Баткен районунун акими, Баткен шаарынын мэри, Аалымдар Кеңешинин төрагасы, КМДБнын кызматкерлери жана чек арада кызмат өтөп жаткан жоокерлер катышышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button