Саясат

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Келишимге 13-мартта Бишкекте кол коюлуп, алты күндөн кийин Жогорку Кеңеш аны ратификациялоону жактырган.

“Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара боюнча келишим туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга багытталган”, — деп президенттин маалымат кызматы белгилеген.

Эске салсак, аталган документтерге 13-мартта Бишкекте  эки өлкөнүн президенттери кол койгон.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button