Коом

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин РИИБге жаран кайрылып, аялга карата чара көрүүнү суранган. Ал 2024-жылдын 13-декабрында алдоо жолу менен ишенимине кирип, Lexus RX 350 үлгүсүндөгү унаасын 68 миң долларына сатып, түшкөн каражатка Түркиядан алтын алып келип, аны сатып, андан кийин унаанын акчасын пайыздары менен кайтарып берүүнү убада кылган.

Бирок унааны алган соң, аны үчүнчү тарапка сатып жиберген. Аталган факты боюнча алдамчылык беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1974-жылы туулган аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда анын ушул сыяктуу дагы эки кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button