Коом

Ала-Арча паркында эс алуучуларга шишкебек жасоого тыюу салынат

Ала-Арча жаратылыш паркында эс алуучуларга шишкебек жана башка тамактарды жасоого тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта журналисттерге президенттин иш башкармалыгын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, 1-майдан баштап паркта эс алууну каалагандар үчүн жаңы эрежелер киргизилип, жаратылыш паркында коомдук тамактануу жайлары ачылат. Бул мамлекеттик мекемелер экенин Каныбек Туманбаев билдирди.

Кошумчалай кетсек, Ала-Арча аймагына электр менен иштеген унаалар гана киргизилет. Башкармадыктан буга чейин кадимки унаалары бар зыяратчылар үчүн 84 электромобил сатылып алынганын билдирди.

Буга чейин «Ала-Арча» жаратылыш паркынын аймагына автоунаалардын кирүүсүнө тыюу салынары айтылган. Зыяратчылар унааларын кире бериште калтырышат, ал эми адамдар 14 орундуу электромобилдер менен сейил бакты айланып өтүшөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button