Коом

Оштун мэри Озгур айылындагы балага «мал сатып аласың» деп 200 миң сом берди

Жеңишбек Токторбаев жеткинчек менен кечээ таңкы рейдге чыкканда жолугуп калган. Мэр баланы сөзгө тартып, үйүндө мал-жандык бар-жогуна кызыккан. Бала үйдө калган акыркы койду атасы сатып жибергенин айткан эле. Токторбаев бул үй-бүлөгө бир саан уй менен 5 кой алууга акча берип турарын убадалап, бирок акчаны күзүндө кайтаруу керектигин айткан. 

Бүгүн акча баланын атасына берилип, жеткинчек карызды күзүндө эмес, келерки жазда кайтарып берүүнү суранды. Токторбаев буга күлүп макул болду. 

@abal-kgg

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button