Коом

УКМК: «Тулпар» АКнын Нарын шаарындагы 1,28 гектар жери мамлекетке кайтарылды

КР УКМК мамлекеттик кыймылсыз мүлк объектилерин жеке менчикке өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнүн жыйынтыгында Нарын шаарындагы мурда «Тулпар» АКнын балансында турган жалпы аянты 1,28 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди.

1992-жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен «Кыргызагростройтранс» бирикмесинин Нарын автобазасы менчиктин формасын өзгөртүү боюнча эмгек жамаатынан арыз түшпөгөндүгүнө карабастан «Тулпар» акционердик коому болуп кайра түзүлгөндүгү аныкталган. Ошондой эле баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын Нарын аймактык өкүлчүлүгү салыктарды төлөбөгөндүгү, акцияларды эсепке алуунун жана каттоонун жоктугу, активдердин кыймылы жана коомдун директорлор кеңешинин алмашуусу ж.б. у.с. көрүнүштөргө  акционерлер тарабынан узак жылдар бою көңүл бурулбай келгени аныкталган.

«Тулпар» АКнын негизги акционерлери менен болгон түшүндүрүү иштеринин жыйынтыгында 12794,0 м2  жер тилкесин Нарын шаардык мэриясынын балансына ыктыярдуу түрдө өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button