Коом

Декабрь айында чет жактагы 19 мекендеш каза болуп, сөөгү алып келинди

Өткөн жылдын декабрь айында чет өлкөлөрдө жүргөн 19 кыргызстандык каза болуп, сөөгү мекенине алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги бир айлык отчетунда билдирди.

Бул сандар элчиликтер сөөктү жөнөтүүгө жардам берген учурларда эсептелинген. Ошондой эле оор абалда жаткан үч бейтапка Италиядан, АКШдан жана Түркиядан мекенине кайтууга көмөк көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, консулдук кызматкерлер Иран, Казакстан, Кытай жана Россияда 23 жарандын соттук отурумуна катышкан. Аны менен катар 64 кыргызстандык административдик, үчөө кылмыш жоопкерчилигинен бошотулуп, укук бузган сегизинин жазасы жеңилдетилгени белгиленди. Бул иштер дипломаттардын көмөгү менен жасалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button