Коом
Билим берүү министрлиги мектепке бардык балдар кабыл алынарын айтты

Буга чейин министрдин орун басары эмделбеген балдар мектепке алынбай калышы мүмкүн экенин айтып, коомчулукта нааразычылык жаралган. ЖК депутаттары да бул Баш мыйзамга туура келбей турганын белгилешкен.
«Эмдөө маселеси боюнча дарыгер уруксат берген учурда тиешелүү эмдөөнү ар бир бала өз убагында алат. Кээ бир учурда жүйөлүү себептер менен дарыгер убактылуу эмдөөлөргө уруксат бербеши мүмкүн. Бирок бардык балдар медициналык кароодон өтүп эле мектепке кабыл алына берет. Балдар мектепке кабыл алынган учурда ата-энелер медициналык маалым катты, эмдөө картасын тапшырат», — деген министрлик.
@abal-kg



