Коом
Рита Карасартова эки суткага камалганы айтылды

Укук коргоочу Рита Карасартова 48 саатка камалганын жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматта «278-берененин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту менен иш козголду. Бирок айып тагылган жок. Тергөөчү камоо тууралуу токтом чыгарды”, — деп Карасартованын жактоочусу айтты.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги расмий маалымат бере элек.
14-апрелдин кечинде Рита Карасартованын үйүндө тинтүү жүргөнү, аны улай милиция укук коргоочуну кармап кеткени белгилүү болгон.