Коом

Таласта үч жаңы объект ачылды

17-апрелде Талас районунда бир катар объектилердин ачылыш аземи болуп өттү. Имараттардын ачылышына Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, депутаттар Марат Мураталиев, Гүлкан Молдобекова, коомдук ишмерлер жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы салынган объектилердин бири болуп Шумкар-Уя айыл аймагында ачылган айыл өкмөтүнүн имараты саналат. Бул ири социалдык объект толугу менен жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерине жалпысынан 58 миллион сом бөлүндү. Эки кабаттуу заманбап имаратта айыл өкмөтүнүн кеңсеси, «Айыл Банк» мамлекеттик банкынын бөлүмү жана Калкты тейлөө борборунун (КТБ) филиалы жайгашкан.

Ал эми, Чоң-Алыш айыл аймагына караштуу Манас айылында жеке ишкер С.Ботиковдун мал союучу жана Көк-Кашат айылында жүндү кайра иштетүүчүишкананын ачылышы болду.

Андан тышкары Кеңеш айылындагы 75 орундуу бала бакчанынимаратынын курулушуна капсула салынды. Бала бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button