Окуялар

Чек ара кызматкери кокусунан өзүн бутка атып алды

Чүй облусундагы чек ара кызматкери кокусунан өзүн бутка атып алганын Башкы прокуратура кабарлады.

Окуя 14-апрель күнү «Ойронду» чек ара заставасында болгон.

«Табелдик куралдан кокустан чыккан ок жоокердин сол бутунун согончогуна тийген. Жаракат алгандыгына байланыштуу Б.А. Чүй облусунун Панфилов райондук ооруканасына жаткырылды. Абалы азыр канааттандырарлык деп бааланууда. Бишкек гарнизонунун аскердик прокуратурасы териштирүү баштап, тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп билдиришти көзөмөл органынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button