Коом

Кадамжайда унаа кырсыгынан өспүрүм көз жумду

2025-жылдын 21-апрель күнү түшкү саат 12:30 чамасында, Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылы аркылуу өткөн Ош-Баткен-Раззаков жолунун 95-чакырымында оор жол кырсыгы катталды. "Мерседес-Бенц-312" үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жаткан Үч-Коргон айылынын тургуну, 1986-жылы туулган Ш.А.Ю, жолдун оң тарабында жүргөн жөө жүргүнчүнү коюп кеткен.
         
Кырсыктын кесепетинен Арпа-Сай айылынын 2007-жылы туулган тургуну Р.А.Ш. алган жаракаттарынан улам Үч-Коргон аймактык ооруканасына жетпей каза болгон.
         
Бул факт Кадамжай РИИБне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, айыпталуучу Ш.А.Юнун бөгөт коюу чарасы Кадамжай райондук соту тарабынан 21-июнга чейин камак түрү тандалып алынган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button