Адылбек Бийбосунов кадрдык потенциалды чыңдоону тапшырды

2023-жылдын 27-ноябрында Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов кызматтардын 10 ай ичинде аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Иш-чарага ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын, Академиянын, Республикалык окуу борборунун, Медициналык башкармалыктын, ФЧКББнын, Ички иликтөө кызматынын, Укуктук камсыздоо башкармалыгынын жана Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчылары, алардын орун басарлары, бөлүм башчылары катышты.

Министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов өзү жетектеген кызматтардын жетишкендиктерине токтолуп, кемчиликтерин дагы талдап, чогулгандар менен биргеликте башка дагы орчундуу маселелерди талкуулады.
Жыйында сөз сүйлөгөн ИИМ башчысынын биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов ички иштер министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын катарына кадрдык потенциалды чыңдоо жана катарды тазалоо үчүн күрөштү кошту.

«Ошондой эле биринчи планда өздүк курамдын арасында тартипти жана мыйзамдуулукту чыңдоо милдети турат. Катарды таза эмес кызматкерлерден тазалоо үчүн күрөш биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ», — деди министрдин биринчи орун басары.
«Биз квалификацияны жана билимди өркүндөтүшүбүз керек. Коррупцияны жасабашыбыз керек, жада калса бул жөнүндө ойлонбошубуз керек. Коррупцияга барган кызматкердин жазасы катуу болуш керек. Муну эч качан унутпаңыздар!”, — деп белгиледи Адылбек Бийбосунов.

Жыйындын соңунда Адылбек Бийбосунов кесиптештерине кесипкөй кадрларды даярдоону күчөтүүнү, кызматкерлер тарабынан мыйзам бузууларды жоюну, элге мүмкүн болушунча ачык мамиле кылууну тапшырды.



