Коом
Өлкөдө «Кыргыз мунай» ишканасы түзүлдү. Милдети

Өлкөдө «Кыргыз мунай компаниясы» ишканасы түзүлдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-майда кол койгон.
Маалыматка ылайык, ишкана өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздай турганы күтүлүүдө. Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине караштуу компаниянын уставы бекитилип, Юстиция министрлигинде каттала турганы белгиленген.
Чечимдердин ишке ашырылышын көзөмөлдөө президенттик администрацияга жүктөлдү.



