Коом
30-июнга карата аба ырайы

30-июнда күндүз тоолуу райондордо күн күркүрөп, өткүн өтөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас аймагында +28…+33, Ош, Жалал-Абад облустарында +31…+36, Баткен жергесинде +30…+35, Ысык-Көлдө +23…+28, Нарын аймагында +24…+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +33…+35 градуска чейин көтөрүлөт.



