Коом
Токмокто айдоочулар дрондун жардамы менен аныкталып, айып пул салынууда

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы оңдоо-түзөө иштери жүрүп жаткан Бишкек-Токмок унаа жолуна дрон учуруп, жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктоодо.
Кээ бир айдоочулар жолдордун оңдолуп жатканын, унаалардын тизилип жай жүрүп жатканын көрүп туруп, жол жээгине чыгып, жолду чаңдатып айдап, кайра унаалардын катарына кошулуп жасалма жол тыгындарын пайда кылышууда.
Бул көрүнүштөрдүн баардыгы асмандагы дрондун жардамы менен аныкталып, айдоочулар токтотулуп, тийиштүү айып пулдар салынууда.



