Коом

Ош облустук милициясы кызмат учурунда курман болгон кесиптештерин эскеришти

Бүгүн, 2025-жылдын 15-май күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Курбанбек Айтибаев, Ош ОИИБдин башчысы Нурланбек Бурканов, отставкадагы милициянын генерал-майору Расулберди Раимбердиев, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсан Камчиев жана кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин жакындары катышты.

Алгач, кызмат учурунда курман болгондордун айкелине гүл чамбарлар коюлуп, аларга багышталып куран аяты окулду. Андан ары иш-чарага чакырылган коноктордун жана башкармалыктын өздүк курамынын бир минуталык эскерүү учуру орун алды.

Башкармалыктын башчысы Нурланбек Бурканов кызмат учурунда каза болгон кесиптештерди эскерип: “Урматтуу коноктор, урматтуу кесиптештер! Мамлекетибиздин өнүгүү тарыхында ички иштер органдарынын кызматкерлери ар дайым алдынкы катарда туруп, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу менен жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоп келет. Мына ушундай жоопкерчиликтүү милдетти аткарып жатып, берген антына бекем туруп, элибиздин бейпил жашоосун өз өмүрүнөн артык көрүп, тирүүлүк менен кош айтышкан кесиптештерибиздин эрдиги эч качан унутулбайт. Кыргыз милициясы, биз бүгүн эскерип турган кесиптештерибиз менен терең сыймыктанат. Баатырлардын жакындарына терең таазим кылабыз. Албетте, бул кесиптештерибиздин өмүр жолу келечек муунга үлгү болуп, Кыргыз милициясынын тарыхында жана мекендештерибиздин жүрѳгүндѳ түбѳлүк сакталып кала берет.”-деди.

Андан ары эскерилип жаткандардын жакын туугандарына арналган белектер тапшырылды.

Өз кезегинде иш-чарага чакырылган коноктор да эскерүү сѳзүн сүйлөшүп, алардын элеси унутулбай, эмгегин баалаган Ички иштер министрлигинин жетекчилигине жана жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдиришти.

Эскерүү иш-чарасы өздүк курамдын салтанаттуу саптык жүрүшү жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button