Коом
Сапар Исаковдун Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча иши башынан каралмай болду

Ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо өтүнүчүн Башкы прокуратура берген. Ишти Бишкектин Свердлов райондук соту карамакчы.
Сапар Исавков үч факт боюнча коррупцияга айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылдагы Октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кийинчерээк башка иш боюнча дагы айыпталып, издөөгө алынган.



