Коом
Өзгөндө 15 миллион чабак өстүрүүчү цех ачылды

Өзгөндө жылына 15 миллион карп балыгынын чабагын өстүрө турган инкубациялык цех ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Наркы 9 миллион сомдук цехтин ачылышына суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышкан.
Долбоор балык чарбаларын көбөйтүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана жумуш орундарын түзүүгө багытталганы кошумчаланды.



