Коом

20-декабрдан тарта пиротехника сатуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Кышында өрт кырсыктарынын келип чыгышынын дагы бир себеби пиротехникалык каражаттарды туура эмес колдонуу болуп саналат. 20-декабрдан тарта шаар, айыл аймактардагы сатуучуларга аталган каражаттарды сатуу жана сактоо боюнча үгүт-насаат иштери жүрүүдө.

ЕАЭБ мамлекеттеринде пиротехникалык каражаттарды сатуу, жайылтуу боюнча талаптарга өзгөртүүлөр кирип жатат. Бул документ кийинки жылы даяр болуп, жарылуучу каражатты ээн-эркин ташып, лицензиясыз саткан көрүнүштөрдү жоёт.

Пиротехникалык каражаттарды тандап, сатып алууда товардын колдо эмес, заводдо жасалганын текшериш керек. Сатуучуда сатып алынган товардын шайкештик сертификаттары, колдонуу боюнча нускамалары (чет мамлекеттен алып келинсе, инструкциясынын котормосу чапталышы керек) бар экендигине өзгөчө көңүл буруу зарыл. Пиротехникалык каражаттарды колдонууда жаракат алып калбаш үчүн колдонуу боюнча нускаманы так аткарыӊыз. Ошондой эле пиротехникалык каражаттардын жарактуулук мөөнөтүнө көңүл буруу керек. Ал эми колдонууда алгач фейерверк үчүн жерди тандоо оң. Бул чоң ачык аянт же короо, дарак жана имараттардан алысыраак жер болушу зарыл. Ал жерде 100 метр радиуста өрт коркунучу бар объектилер (унаа токтотуучу жай, заправка) болбошу керек. Көрүүчүлөр фейерверктен эӊ аз 5-10 метр аралыкта туруп көрүшү абзел. Турак жайлардын жанында пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынат (терезеге, балконго же чатырга, айылда чөпкө түшүп өрт чыгып кетиши мүмкүн). Андан сырткары, пиротехникалык каражаттарды жылытуу приборлорунун жана ачык от булактарынын жанында сактоого, ичин ачып көрүүгө, отко жагууга, адам жана жаныбарларды көздөй атууга, чоңдордун катышуусу жок балдардын жана кишилердин мас абалында колдонуусуна тыюу салынат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button