Коом
Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Бүгүн саат 13:00дөн тарта Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу Сосновка постунан оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Маалыматты транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, учурда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан кар тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаанын дөңгөлөгүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүнү эскертет.



