Окуялар
Ак-Буура дарыясында селге аккан аялдын сөөгү табылды

Аны ӨКМдин куткаруучусу Алтынбек Исабеков дарыянын Катта-Терек участкасынын тушунан (Өзбекстандын чек арасына 500 м жетпеген жерде) тапкан.
Учурда дарыядан табылган жарандын ким экендигин тактоо иши жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет.
Жалпысынан сел 5 адамды агызып кеткен. Төртөө бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон, тагыраагы, бир аял үч кызы менен агып, кичүүсүнүн сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. Борбордук базардан суу дагы бир аялды агызган.



