400гө жакын мыйзам бузуулар болгон. Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
БШК Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (БАШК) Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деген чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, шайлоо кампаниясы учурунда 400гө жакын мыйзам бузуулар боюнча билдирүүлөр келип түшкөн.
Эске салсак, өткөн аптада БАШК Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Ага чейин «Эмгек», КЭДП, «Ак-Бата” партиялары шайлоо жарышынан четтетилген. Жыйынтыгында 60 миңдей добуш жокко чыгарылган. Бул жалпы добуштун 45 пайызын түзөт (шайлоого 134 миң шаар тургуну катышкан).
Эми БШК президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо өткөрүүсүн өтүнүшү керек.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 38-беренесинин 7-пунктуна ылайык, эгер добуштардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү жараксыз деп табылса, шайлоонун жалпы жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек.
Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 11-апрель күнү өткөн.



