Вашингтондо Дональд Трамп менен Владимир Зеленский жолукту

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.
Ак үйдүн алдынан тосуп алган Трамп жолугушуу башында Зеленскийге сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Украинада тынчтык орнотууда жылыш бардыгын айтты. Кошмо Штаттардын президенти эгер баары өз нугунда кетсе, Украина, Орусия жана АКШ президенттеринин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу уюштуруларын айтты. Зеленский андай кездешүүгө даяр экенин билдирди.
Трамп Украина боюнча туруктуу тынчтык келишимине жетишүү зарылдыгына токтолду. Ал орус президенти Владимир Путин да жаңжалдын аякташына кызыкдар деген ишенимде экенин кошумчалады.
Президент Трамп Украинанын коопсуздугун камсыздоого Кошмо Штаттар катышарын билдирип, ал кандай формада ишке ашарын тактаган жок. Бирок америкалык президент Украинанын коопсуздугу үчүн кепилдик берүүдө Европа негизги милдеттемени алышы керектигин белгиледи.
Зеленский Украинада туруктуу тынчтык орношу керек деген оюн кайталады. Ал өлкөдө президенттик шайлоо болорун, бирок согуш шартында аны уюштуруу мүмкүн эмес экенин кошумчалады.
Трамп менен Зеленский жолугушуудан соң жарым саатка жакын журналисттердин суроолоруна жооп берди.



