Коом
Алимент төлөөдөн баш тарткандарды камоо сунушталды

Башкы прокуратура алимент төлөөдөн баш тарткандарды камоону сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Сөз соттун чечимдери же алименттик келишимдер аткарылбай калган учурларга байланыштуу болууда:
эгер ата-эне балдарын же бойго жеткен, бирок эмгекке жарамсыз балдарын багууга каражат төлөөдөн баш тартып, жыл ичинде карызын үч ай катары менен төлөбөсө, үч суткага камоо сунушталууда;
кайрадан мыйзам бузган учурда жети суткага камоо каралат;
балдар эмгекке жарамсыз жана жардамга муктаж ата-энесин үч ай катары менен багуудан баш тартса, үч суткага камоо демилгеленип жатат.



