Коом

Орунбеков: Айлыктар көтөрүлүп, мамлекеттик маалымат каражаттары 100 миң сомго чейин төлөп жатышат

Кыргызстанда 1-апрелден тарта мугалим, дарыгер, маданият жана спорт тармагындагылар менен катар, мамлекеттик ЖМК өкүлдөрүнүн айлыгы көбөйдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, бул кесиптердин ээлери кеминде 40 миң сом, алды 100 миң сомдон ашык ала баштады.

«1-апрелден тарта мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият жана спорт кызматкерлеринин айлыктары болжол менен 100 пайызга жогорулады. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин да айлыктары көтөрүлдү», — деди ал.

Андан сырткары, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен мамлекеттик телеканалдар модернизацияланууда: имараттар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы техникалар сатылып алынууда.

Президенттик администрация айлык акыны жогорулатуу жана техникалык жаңылоо кызматкерлердин мотивациясын жогорулатып, атаандаштыкты күчөтүп, мамлекеттик маалымат каражаттарына кесипкөй кадрларды тартууга жардам берет деп эсептейт..

Тектеш кабарлар

Back to top button