Коом

Чолпон-Атада 34 жаштагы келин төрөттөн каза болду

5-сентябрга караган түнү, Чолпон-Атада 34 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы кабарлады. Маалыматта карагаша Ысык-Көл райондук ооруканасынын төрөт үйүндө каза болгону айтылды.

Тартип сакчылар маркумдун 37 жаштагы жолдошу милицияга арыз менен кайрылганын, азыр сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөнүн билдирди.

ЖМКлардын айтымында, келин кесарево жолу менен уул төрөгөн, ымыркайдын абалы жакшы.

Буга чейин социалдык тармакта келиндин жакындары өлкө башчы Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылган видеосу тараган.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button