Курулуп бүтпөй калган бала бакчаны талкалап кетип жатышат

Ат-Башы районунун Ат-Башы айылындагы Күмөндөр Тыналиев атындагы бала бакчанын курулушу бүтпөй, ичиндеги тепкичтер сына баштады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымына караганда, имаратты тентек балдар сыртындагы терезелерин таш менен чаап, сындырып кетип жатышат. Бала бакчанын короосу эки тарабынан тең ачык болгондуктан, бул аймак эки көчөнүн тургундары үчүн кыска жол катары колдонулуп, окуучулар үзгүлтүксүз ары-бери өтүшөт. Короодо жайгашкан оюн аянтчасына да эл көп чогулат. Бала бакчанын жетекчиси Осипа Асанбекова бул маселе боюнча айыл өкмөткө дагы кайрылганын билдирди.
«Кароолчулар бар, имаратты колдон келишинче көзөмөлдөп жатышат. Сыртка камера да орнотулган. Бирок кароолчулардын туруктуу отуруучу пункту жок болгондуктан, толук көзөмөл жүргүзүү кыйын болуп жатат. Эки тарабын тосулбаганы бизди түйшөлтүп келет. Бул жерден окуучу балдар дайыма өтөт. Балдар терезелерди талкалабайт деп кепилдик бере албайбыз. Айыл өкмөтүнө да бир нече жолу кайрылганбыз, тилекке каршы, азырынча жыйынтык боло элек», — деди ал.
Бул маселе боюнча облус жетекчиси Нурбек Сатаровго кайрылганда чечип берүүгө аракет кыларын билдирген.


Буга чейин 2025-жылдын февралль айында Ат-Башы айылындагы бала бакчанын жаңы салынып жаткан имаратынын терезелери сынып жатканы кабарланган . Бала бакчанын эски имараты 60 жыл мурун салынганын кабарлаган.
Булак: Турмуш маалымат агенттиги



